
Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген, Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген. Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен, А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген, Туңгуюкка кептеген. Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай, Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай. Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай, Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай, Кара жанды кыйнамай. Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар, Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар. Адамзаттын ушулар убалына калчулар, Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар, Акыр заман салчулар. Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы, Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы. Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы, Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы, Эркин ойноп жыргайлы. Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп, Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт. Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк, Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет, Бакыт канча ким билет. Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң, Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң. Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң, Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң, Качырганда билерсиң. Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө, Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө. Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө, Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө, Дайым сулуу бул дүйнө. Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай, Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай. Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай, Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай, Бактыбызды байлабай. Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң, Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң. Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң, Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң, Миң жашасаң тойбойсуң.
Песен-НИКИ
Загрузка...
Другие песни Мирбек Атабеков
Все песни →Похожие песни

Бигасс
SODA LUV
Ничего личного
Русский рэп201975,445

Бандана
Платина
РНБ КЛУБ
Русский рэп201859,979

Свадебное путешествие
Александр Буйнов
Острова любви
Русская эстрада199954,906

Каспий жағалауы
Azamat
Поп200134,438

Шпилька-каблучок
Лолита
Анатомия
Русская эстрада201433,308

Девочка 2D
Dead Rave
Singles 15-17
Русский рэп201828,891